Балдарды коргоонун эл аралык күнү Баткен шаарында жогорку маанайда белгиленди
Новость www

Балдарды коргоо күнү Баткен облусунда балдар бакчасындагы бөбөктөрдүн ыр-бийлери менен көркүнө чыкты. Иш чарага облустун бийлик өкүлдөрү жана калаа башчысы катышып бөбөктөргө атайын белектерди тапшырышты. 

Мындан сырткары балдарга ар кандай сынактар уюштурулуп, асфальтка сүрөт тартуу жана спорттук иш чаралар уюштурулган.