Бүгүнкү күндө кыргызстандык эмгек мигранттардын басымдуу бөлүгү Россиянын аймагында. Россиянын федералдык миграция кызматынын ички иштер министрлигине бириктирилиши мекендештерибизди бир катар түйшүккө салды.
Учурда тышкы миграциялык агымды жөнгө салууда өкмөт тарабынан бир катар аракеттер көрүлүп жаткандыгын 21-сентябрда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште өкмөт саат учурунда сүйлөп жатып билдирди. Өкмөт башчы жарандар жумуш берүүчү жак менен эмгек келишимин түзбөй эле иштей беришет.
Ошондон улам жумуш берүүчүлөр алардын эмгек акысын төлөбөй койгон учурлар арбын. Андан сырткары, эмгек мигранттарынын "кара тизмеси" да көптөгөн тоскоолдуктарды жаратууда", — деди.
Өкмөт азыркы тапта миграциялык саясат боюнча эки багытта иш алып барарын Жээнбеков кошумчалап кетти.
Гүлжан Каражанова