Кадамжайда пенсионер эки айылды бириктирген көпүрө куруп берди
Новость

Нурхан Кочкорова ажылыкка деп топтогон каражатын Кызыл-Булак жана Гайрат айылдарынын ортосунда өтмөк курууга жумшаган.

Муну менен ал көпчүлүк үчүн пайдалуу иш жасагысы келгендигин айтат. 

Жергиликтүү бийликтен белгилешкендей, айылдарды бириктирген көпүрөнү буга чейин сел жууп кетип, тургундар 2 чакырым жолду айланып өтүүгө аргасыз болушкан.