Кыргызстан жыл сайын кышка “Чоң казатка” даярдык көргөндөй эле камданат.
Учурда Бишкек, Оштогу жылуулук борборлорунда ремонт иштери аяктап, газ, мазут жана көмүр менен камсыздоо маселелери толук сүйлөшүлүп бүттү.
Былтыркы кыш Токтогул ГЭСиндеги чоң авариянын болушу менен көпчүлүктүн эсинде калыптыр. Себеби кышка карата даярдык боюнча жыйын башталганда эле, суу сактагычтагы жана ГЭСтеги азыркы абал боюнча суроолор берилип баштады.
Мындай жагдайга бир жагынан былтыркы кыштын жылуу болгону себеп болсо, экинчи жагынан Токтогул суу сактагычындагы суунун молдугу да көз кубантып турат. Энергетиктердин айтымында, буюрса кыш чилдесинде эч кандай өчүрүүлөр жана чектөөлөр болбойт.