Мамлекеттик чек ара кызматы билдиргендей 18-сентябрь күнү Өзбекстан Үңкүр-Тоодогу милиция кызматкерлерин толугу менен чыгарып кетти. Бул тууралуу кыргыз-өзбек чек арачыларынын сүйлөшүүсүндө кыргыз тарапка кабарланды.
Эскерте кетсек Өзбекстан Аксы районундагы Үңкүр-Тоодогу радио-релейлик станцияга 20 чакты милиция кызматкерлерин 22-августта эртең менен тик учак менен таштап кетишкен. Ошондон бери алар тоодо турушкан.
Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118