Кыргызстанда 15-мартка карата коронавирус 16 адамдан аныкталып, бир бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында - 8, Чүй облусунда - 6, Ысык-Көл облусунда - 2 адамдан вирус табылды. Акыркы суткада 43 адам илдеттен сакайып чыкты. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 121 бейтап, амбулатордук түрдө 167 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 758 адам коронавирус жуктурду. Алардын ичинен 195 миң 916 киши айыгып чыкса, 2 миң 974 адам каза болду.