Улуттук банк рублдин сомго карата расмий наркын аныктоо тартибин убактылуу өзгөрттү
Новость

Улуттук банк рублдин сомго карата расмий наркын аныктоо тартибин убактылуу өзгөрттү. Ага ылайык, мындан ары сом менен рублдин куну кросс-курс ыкмасында аныкталат. 

Өлкөнүн башкы каржы мекемеси рубль менен доллардын наркын эми "Блумберг" жана "Рейтерс" маалымат агенттиктеринен гана алат.