COVID-19: Өлкөдө 20 жаңы учур катталып, бир бейтап көз жумду
Новость www
Кыргызстанда бир күндө 20 бейтаптан коронавирус аныкталды. Илдетти жеңе албай, бир адам каза болду. Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, оору аныкталгандардын көбү Бишкекте. 


Жалпысынан өлкөдө коронавирус жуктургандардын расмий катталган саны 200 691 адам болду, ал эми инфекциядан көз жумгандардын расмий саны 2970 адамга жетти.

Кыргызстанда COVID-19дун быйыл январда башталган төртүнчү толкуну февралдын ортосунда басаңдай баштаган. 19-январда катталгандар 870ге жеткен.