COVID-19га каршы Кыргызстанда вакцинанын экинчи дозасын 1 млн 189 миң 261 адам алды. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.
Анда айтылгандай, соңку суткада вакцинанын биринчи дозасын 392 адам алды. Муну менен эмдөөнүн биринчи этабынан өткөндөр жалпы 1 млн 453 миң 953 адамга жетти. Ал эми экинчи дозаны бир күндө 9 киши алып, республика боюнча экинчи доза алгандар 1 млн 189 миң 261 адамды түздү. Бустердик дозаны болсо 48 адам алып, алардын жалпы саны 129 миң 916 адамга жетти.