Россиядан Кыргызстанга авиакаттамдардын саны азайды
Новость www

Айрым авиакомпаниялар чет өлкөлөргө каттамдарын токтотконуна байланыштуу Орусиядан Кыргызстанга учкан учактардын саны кыскарды. Ал арада Кыргызстандын авиакомпанияларынын каттамдары график боюнча жүргүзүлүүдө.

Aeroflot 8-марттан баштап Минсктен сырткары бардык эл аралык каттамдарды жапты. Жүргүнчүлөр билеттин баасын толугу менен кайтарып алышат деп билдирет ишкананын басма сөз кызматы. Буга чейин S7 тарабынан чет өлкөлөргө каттамдар токтотулган.