Футбол боюнча Кыргызстандын чемпионаты
Новость

Ош шаарында футбол боюнча Кыргызстандын чемпионатынын оюндары старт алды.

Маалыматка ылайык, Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондо Оштун “Алай” футболдук клубу менен “Нур-Баткен” футболдук клубу беттешти. 

Иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова катышып, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун атынан жалпы шаардыктарды жаңы футбол сезонунун башталышы менен куттуктап, футболдун коомчулук үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.