Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы сейил бакта "Ак калпак" инсталляциясы орнотулду
Новость

Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы сейил бакта "Ак калпак" инсталляциясы орнотулду. 

Бийиктиги 4 метр болгон инсталляцияга Ош шаарынын бренди менен комуз коюлду. Эми андан даталуу күндөрү улуттук музыкалык аспаптардын коштоосундагы ыр-күүлөр жаңырып турмакчы. 

Бул кооздукка жалпы 250 миң сом жумшалган. 5-март – Ак калпак күнүнө карата орнотулган инсталляциясынын ачылышына калаадагы жаштар, активисттер жана тургундар катышты. Иш-чара массалык жөө жүрүш менен коштолду.