COVID-19 боюнча статистика. Илдеттен 94 адам сакайып, эки бейтап көз жумду
Новость

Кыргызстанда 2-мартка карата коронавирус 29 адамдан аныкталып, эки бейтап каза болду. 

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 19, Чүй облусунда – 6, Ош облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 2 адамдан илдет табылды. 

Акыркы суткада 94 адам илдеттен сакайып чыкты. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 161 бейтап, амбулатордук түрдө 491 адам дарыланууда. 

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 556 адам коронавирус жуктурду.