Март айында эл каттоо электрондук форматта өтөт
Новость www

Быйыл өлкө калкын жана турак жайларды каттоо электрондук форматта өтөт. Ал үчүн атайын мобилдик тиркеме иштелип чыкты. 

Кыргызстанда туруктуу жана убактылуу жашаган бардык адамдар, турак жайлар 25-марттан 3-апрелге чейин катталса, айрым тоолуу аймактарда 23-апрелден 2-майга чейин жүргүзүлөт. Учурда Улуттук статистика комитети тарабынан эл каттоого тартыла турган персоналды окутуу, үйрөтүү иштери жүрүп жатат.