Ковид бир бейтаптын өмүрүн алды
Новость

Кыргызстанда 1-мартка карата коронавирус 27 адамдан аныкталып, бир бейтап каза болгонун Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 16, Чүй облусунда – 6, Нарын облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 2 адамдан илдет табылды. 

Акыркы суткада 113 адам илдеттен сакайып чыкты. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 173 бейтап, амбулатордук түрдө547 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 527 адам коронавирус жуктурду. Алардын ичинен 195 миң 274 киши айыгып чыкса, 2 миң 958 адам каза болду.