Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын үчүнчү дозасын бир күндө 2 миң 207 адам алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Бишкекте - 229, Ошто - 224, Чүй облусунда - 162, Ош облусунда - 460, Талас облусунда - 67, Нарын облусунда - 148, Ысык-Көл облусунда - 143, Жалал-Абад облусунда - 633, Баткен облусунда - 141 адам эмделди.