POST1RIGHTЖаш аткаруучулардын "Жаңы толкун" аттуу музыкалык сынагына катышкан кыргызстандык ырчы Нурсултан Азыкбаев төртүнчү орунга ээ болгону фестивалдын расмий сайтына жарыяланды. Фестиваль Сочиде 3-9-сентябрь күндөрү өттү. Үч этаптын жыйынтыгы менен кыргызстандык өнөрпоз 414 упай топтой алган.
Фестиваль Сочиде 3-9-сентябрь күндөрү өттү. Кечээ кечинде сынактын жабылуу аземи өтүп, жеңүүчүлөр сыйланды.
Сынактын жеңүүчүсү деп хорватиялык Dino жана италиялык Валтер Рикки таанылды. Экинчи орунга украиналык Галина Безрук татыса, ал эми үчүнчү орунду Грузиядан келген Гиорги Надибаидзе алып кетти.
Аткаруучулуктан тышкары сынактын алкагында көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү наамы үчүн да добуш берүү жүрүп, натыйжада Азыкбаев 1453 добуш менен, "күмүштүн" ээсинен болгону 5 добушка аз алып үчүнчү болду. Ал эми биринчи орунду 2073 добуш менен россиялык ырчы Ясения алды.