БШК: Өлкөдө коронавируска чалдыккандар мөөнөтүнөн мурда добуш бере алышат
Новость www

Өлкөдө коронавируска чалдыккандар мөөнөтүнөн мурда добуш бере алышат. Бул тууралуу БШК маалымадады. 

Маалыматка ылайык, коронавирустун жеңил жана орточо түрүнө чалдыккан шайлоочулар 24-февралга чейин добуш берүү күнү шайлоо участогуна келүүгө мүмкүн эместиги тууралуу арызын аймактык шайлоо комиссияларына бериши керек. Алар 26-февраль жымжырттык күнү көчмө бригаданын жардамы менен өзүнүн жарандык милдетин аткара алат. 

БШК ошондой эле мөөнөтүнөн мурда добуш бере тургандардын, анын ичинде ооруканалардагы бейтаптардын, тергөө абагында жаткандардын тизмелери 18-февралдан кечиктирбестен даяр болушу керектигин белгиледи. 7-февралга чейин БШК талапкерлерди катташы керек жана бул күнү үгүт иштери 7-февралда башталат. Ал 26-февралда саат 8:00дө аяктайт. Бир мандаттуу Биринчи май жана Свердлов округунда кайра шайлоо 27-февралда өтөт.