Көчмөндөр оюндары - чет элдик маалымат каражаттарында
Новость KTRK/videograp

Учурда өтүп жаткан көчмөн оюндарын чагылдыруу үчүн 60тан ашуун чет элдик маалымат каражаты расмий каттоодон өткөн. Алар оюндун ачылыш аземин гана эмес, бардык иш-чараларды чагылдырууга укук алгандыктан, учурда 160 өлкө Кыргызстанда өтүп жаткан масштабдуу иш-чараны көрүп жатышат. 

Орусиянын биринчи каналынан келген Александр Лякин Көчмөндөр оюнун чагылдурууга келген чет элдик журналисттердин бири. Кыргызстанга алгач ирээт келген кабарчы, иш чаранын ачылыш аземинен баштап эле, өтө таңкалуу менен жүргөнүн айтат. Ошондой эле кесиптишибиз, кыргыздардын меймандостугун жана жылуу кабыл алгандыгын эч качан унутпастыгын билдирди. POST1RIGHT

Италиядан келген журналист Давид Монтелеоне Көчмөндөр оюндары жогорку деңгээлде өтүп жаткандыгын билдирип, кыргыз элинин меймандостугуна таң калып бүтпөй жатканын жергиликтүү интернет басылмаларына билдирген.

Дүйнөдөгү таасирдүү делген The Guardian басылмасы Ысык-Көлдүн жээгинде башталган II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын абдан орчундуу жана ири маданий окуя деп жазып чыкты. Алар макаласын "II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кош келиңиз, эгерде Чыңгызхан тирүү болгондо бул жерге сөзсүз келмек" деп башталган. Макалада бул ири иш-чара Борбор Азиядагы элдердин улуттук мурастарын кайра жандандыруу максатын көздөй тургандыгы айтылат. 

Ошондой эле өзгөчө басым 10 миң адамды сыйдыра алган ат майданга жана анда өтө турган көк бөрүгө арналган. Басылма өз макаласын Оюндарды өткөрүүдө оңбогондой каражат кетти деп өлкө жетекчилигине коюлган кинеге карабастан, Кыргызстан эли сыймыктанып жана толкунданып турган учуру. Мындай иш-чараны дүйнөлүк масштабда өткөрүү шыбагасы Кыргызстандыктарга буйруптур деп жыйынтыктаган.

Көчмөндөр оюнун дүйнөнүн булуң бурчуна жеткирип жаткан чет элдик ММКлардын катарында Азербайжандын, Беларусиянын, Германиянын, Тажикстандын, Казакстандын, Малайзиянын, Орусиянын, Нидерландиянын, АКШнын, Израилдин, Индиянын, Түркиянын, Япониянын, Кытайдын жана Франциянын көрүнүктүү маалымат каражаттары бар.

Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118