Чек ара кызматы: унааны токтотуу үчүн эскертүү иретинде ок чыгарылган
Новость www

Бир тонна таттууларды Кыргызстандан Тажикстанга алып өтүүгө аракет кылган жаран колго түшкөнүн Чек ара кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык Лейлек районуна караштуу Маргун-Арка унаа жолунда чек арачылар “Мерседес-Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү унааны токтоткон. Бирок айдоочу баш ийбей жолун улаган. 

“Чек арачылар эскертүү иретинде асманга ок чыгарып, андан соң унаанын дөңгөлөгүн көздөй ок чыгарган”, - деп айтылат маалыматта. Тиешелүү иш-кагаздары толтурулган соң, айдоочу жана жүк мындан ары териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү органдын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.