Каза болгондордун көпчүлүгү жакын арада мекенине кайтышмак
Новость

Жакындарынын айтымында каза болгондордун көпчүлүгү жакын арада мекенине кайтып келүүнү пландап турган. 

Ушуга чейин каргашалуу окуяга ишене албай турган үй-бүлөлөрдүн кээ бири алмончоктой кызын, айрымдары эжелерин, карындаштарын, ал эми башкалары жубайларын күтүшкөн эле.

Москва шаарындагы өрт кырсыгынан каза тапкан мекендештерибиздин сегизи Ош облусунун тургундары. Эң кичүүсү 18 де , улуусу 35 ке чыга элек кыз-келиндер болгон. Алардын бири он бир туугандын тогузунчусу, 1995-жылы туулган Кара-Суу районунун Кара-Дөбө айылынын тургуну Жаңыл Мырза Коргонбай кызы. Жаңыл мырза бир туугандарынын, окуткан эжей-агайларынын айтымында, кичинесинен зээндүү, чыйрак, келечектен көптү үмүттөндүргөн кыз болгон. Ал дизайнер болом деп, Ош шаарындагы атайын кыска мөөнөттөгү окууну да аяктаган. Аз убакытка Россияга бир туугандары менен иштеп келүүгө барган, ал тургай октябрь айында кайтып келүүгө учакка билет да сатып алган.