Каза болгондордун сөөгүн алып келүүчү атайы борт туугандарынын жана вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева башында турган КР Өкмөтүнүн Жумушчу тобунун коштоосунда Москва шаарынан Кыргызстанга бүгүн саат 17.00дө Москва-Ош-Бишкек багыты боюнча учуп чыккан.
Ош жана Жалал-Абад облусунун тургундарынын сөөгү Кыргызстан ӨКМ өкүлдөрү тарабынан Ош шаарына жеткирилип, акыркы сапарга узатуу үчүн жакындарына берилет, ал эми Чүй жана Ысык-Көл облусунун тургундарынын сөөгү Бишкек шаарынан туугандарына берилет.