Өрт кырсыгы: Кызбурак Көлбай кызынын абалы оор
Новость

Вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева, саламаттык сактоо министринин орун басары Амангелди Мурзалиев баштаган жумушчу топ Москва шаарындагы басмаканадагы өрттөн жабыркаганды барып көрдү. Кыргызстандан барган атайын топ алгач Скли-фо-совкий атындагы тез жардам институтунун күйүк бөлүмүндө дарыланып жаткан Кызбурак Көлбай кызынан кабар алышты. Андан соң №36 шаардык оруканага жаткырылган Нурмухамед Кадыржанов жана Исраил Уларбек уулун барып көрүп жабыркагандардын ар бирине өкмөттүн атынан 50 миң рубль акчалай жардамдарын берди. Анда белгилүү болгондой кыргызстандык эки баланын абалы туруктуу делинип, алар кыргызстандан барган өкмөт өкүлдөрү менен чогуу мекенине кайтмай болду. Ал эми Кызбурак Көлбай кызынын абалы оор деп айтылууда.