КТРКнын башкы директору Бактияр Алиев өз каалоосу менен кызматынан кетти
Новость www

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Бактияр Алиев бүгүн, 15-октябрда өз каалоосу менен ээлеген кызматын бошотту. 

Анын ордуна, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясатынын экс-министри Кайрат Иманалиев башкы директордун милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Мындай чечим, бүгүн КТРКнын байкоочу кеңешинин жыйынында кабыл алынды.