Тиешелүү делген мамлекеттик мекемелер кыш камылгасын кызуу көрүүдө. Маселен, Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарды иштетүү комитети - ГЭСтерде суунун көлөмү жогору экенин билдирсе, “Кыргыз көмүр” ишканасы - быйыл кара отун боюнча маселе жаралбайт деп кошумчалады. Ал эми “Кыргыз турак жай коммуналдык союз” ишканасы - дебитордук карызын кыскартып жатканы маалым болду.
Жайдын акыркы күндөрүндө кышка камылга кандай жүрүп жатканын жалпыга билдирүү үчүн тиешелүү мамлекеттик кызматкерлер маалымат жыйынына чогулду. Кеп чү дегенде эле Токтогул ГЭСиндеги суудан башталды. Албетте суу көп болсо жарык да өчпөйт. Бүгүнкү күнгө карата суунун көлөмү 16 миллиард 900 миллион кубометрге чейин жетет. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 4,5 миллиардга көп дегенди билдирет. POST1RIGHT Бирок ГЭСтердеги техникалык жабдуулар кыш ортосунда бузулуп калбаса болду.
Ызгаар суукту көмүрсүз элестетүү кыйын. Жыл башынан бери 665 миң тонна көмүр казып алынды. Бирок бул жете бербейт. Негизи план боюнча 1 миллион 900 миң тонна алынышы керек экен. Буга байланыштуу, “Кыргыз көмүр” ишканасы - калкты, бюджеттик мекемелерди жана жылуулук берүү борборлорун көмүр менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн активдүү даярдык көрүүдө.
“Кыргыз турак жай коммуналдык союз” ишканасы болсо оңдоо иштеринин 60 пайызы аткарылганын билдирди. Бул үчүн 50 миллион сом иштетилди. Негизи бул жылга 86 миллион сом бөлүнгөн болчу. Мындан тышкары, ишкананын 250 миллион сомдон ашуун дебитордук карызы болсо, анын 18 миллиону кыскарды.
Ошондой эле, бул ишканада күз-кыш мезгилине ыкчам даярдык көрүүнү көзөмөлдөөчү атайын штаб да түзүлгөн. Кыскасы тиешелүү кызматкерлер азырынча кышка камылга ойдогудай экенин белгилейт.
Элдик Репортер КТРК : кызыктуу фото же видеолоруңуз болсо бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118