Бишкекте ачык асман алдындагы классикалык музыкалардын экинчи эл аралык фестивалы өттү. Анда музыка сүйүүчүлөрү Жеңиш паркындагы көк чөпкө ыңгайлашып отуруп алып, оркестрдин коштоосундагы чыгармаларды жана опера ырларын угуп чер жазышты.
Бул кечте борбордун миңден ашык тургуну өзгөчө эргүү тартуулаган концертке күбө болушту. Ал жерде эч кандай билет сатылган жок. Алдына ала орундар да камдалган жок. Жөн гана музыка жана жаратылыш. Президенттик “Манас” симфониялык оркестринин музыканттары менен Бишкек шаардык мэриясынын камералык оркестри, классикалык чыгармалардан үзүндүлөрдү ойношту. Ал эми АКШдан келген музыкант жергиликтүү оркестрдин коштоосунда ырдады.
Өзгөчө фестиваль борбордун тургундары менен меймандарына чоң белек болуп калды. Музыка жаш өзгөчөлүгүнө карабай бардык көрүүчүлөрдү бириктирип турду.
Симфониялык оркестрдин үнү бир топко чейин парктан сырткары да угулуп турду.
Мишель Баррон (сопрано) аткаруусундагы опералык чыгарма
Скрипкачы Эмилио Перцандан классикалык музыка
Фото жана видео ktrk.kg