Кыргызстандан сыртка эмгектенүүгө кеткен аялдар көбөйдү
Новость www

Маалыматтар боюнча эмгек мигранттарынын 40 пайызын аялдар түзөт. Соңку учурда Кыргызстандан сыртка эмгектенүүгө кеткен аялдар көбөйдү. Бул туурасында Москвада өткөн аялдардын эмгек миграциясына арналган конференцияда айтылды. 

Катышуучулар бөтөн жерде жүргөн мекендештердин көйгөйлөрүн айтышып, чечүү жолдорун издешти. “Миграциянын аял жүзү. Тобокелсиз эмгек миграциясы» аталышындагы конференция Россиянын Коомдук палатасында өттү. Катышуучулар статистикалык маалыматтарды келтирип, көйгөйлөрдү айтышты жана аларды чечүүнүн жолдорун издешти.