Кыргызстандагы баардык ГЭСтери кышка даяр
Новость

Кыргызстандагы баардык ГЭСтери кышка даяр. Бул тууралуу, Электр станциялар ишканасы билдирди. Учурда гидроагрегаттар оңдоодон өткөрүлүүдө. Суунун көлөмү быйыл мол болгондуктан кыш мезгилинде электр энергиясын өчүрүү деген маселе болбой тургандыгы да айтылды. Быйыл суу тартыштыгы болбойт. Маселен, Токтогул суу сактагычына азыр секундасына 500 кубометр суу агып кирип, көлөмү күндөн-күнгө жогорулап жатканын Электр станциялар ишканасы билдирет. Бүгүнкү күнгө карата Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмү 16 миллиард 800 миллион куб метр. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 4,5 миллиардга көп дегенди билдирет. Жылуулук берүү мезгилине чейин суу 17 миллиард куб метрден ашаары болжолдонууда.  POST1RIGHT
Ошондой эле, ГЭСтерде эч кандай авариялар болбой турганын тиешелүү кызматкерлер билдирет. Анткени өлкөдөгү баардык ГЭСтердин гидроагрегаттарын оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. Апрелде башталган оңдоо иштери ноябрь айына барып бүтүп калат.
Гидроагрегаттардын иштөө мөөнөтүнө жана техникалык абалына жараша жылда оңдоодон өтүп турат. Кыскасы техникалык жабдуулар оңдолууда жана суунун көлөмү да жогору. Демек ызгаар суукта электр энергиясы жөнү жок өчүрүлбөт деп адистер бекемдөөдө.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу фото же видеолоруңуз болсо бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118