Ош электр тармактар ишканасынын кышка даярдык иши 100%га бүттү
Новость KTRK/videograp

Ош электр тармактар ишканасы 2016-2017-жылдарга, күзгү жана кышкы мезгилге толугу менен даяр болуп калды. Учурда Ош шаары Ош облусу жана Баткен облусунун аймагында көмөкчү чордондорду күчтөндүрүү жана жаңылоо иштери жүрүп жатат. Кышкы мезгилде элге жарык берүү кандай болот?

POST1RIGHT Ош шаары жана Ош облусунун аймагында жарактан чыккан, көмөкчү чордондор оңдолот. Учурда ишканада күзгү жана кышкы мезгилге карата даярдык күч. Күйгөн транформаторлорду бат калыбына келтирүүгө чамынышат.

Калыбына келтирилген көмөкчү чордон дароо ордуна жайгаштырылат. Ош шаарындагы №5 подстанцияда бул көмөкчү чордон күчтөндүрүлүп кайра орнотулду. Жарык колдонуучулардын саны көп болуп, айрыкча кышта көмөкчү чордонго күч келип турган.

Кышка даярдык апрель айында башталып, 47 млн сом каржат сарпталган. Анын эсебинен Ош шаарына 2 чакырым, Ош облусуна 32, ал эми Баткен облусуна 10 чакырым жаңы аба чубалгылары тартылган. Андан сырткары 35кВ көмөкчү чордондордун 40 даанасы катардагы оңдоодон өткөн.

Электриктердин айтымында, кышка даярдык иши 100%га бүтүп калды. Мындан улам бул жылы авариялык өчүрүүлөр жылдагыдан аз болот. Жарыка да чектөө киргизилбейт.


Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118