Кыргызстанда электр энергиясын кошуналардан сатып алуу маселеси жаралган жок. Анткени Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү жетиштүү. "Электр станциялары" компаниясынан билдиришкендей электр энергиясын өндүрүү жылына 6 млрд киловат саатты түзүүдө. POST1RIGHT
Быйылкы жыл үчүн Казакстандык энерго компаниялар менен Кыргызстандын ортосунда сүйлөшүүлөр болгон.
Ага ылайык август, сентябрь айында Казакстанга 200 миллион киловат саат электр энергиясын берсек, Казакстан 15-сентябрдан 10-ноябрга чейин аны кайра Кыргызстанга кайтарат.