Ынтымак конушунун тургундары таштандылардын жеринде өрттөлүп жатышына тынчсызданууда. Автордун айтымында, бир жумадан бери минтип түтүн алдында жашап жатабыз. Ким өрттөп жатканы да белгисиз. Таштандылардан чыккан түтүн аба аркылуу ар кандай оору таратып жатканы өкүндүрөт. Тийиштүү органдар чара колдонсо жакшы болот эле,- дейт видео тартып жөнөткөн окурманыбыз.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.