POST1RIGHTКыргызстандагы дин эркиндигин баалоо менен катар руханий таалим-тарбиядагы кемчиликтерди биргелешип жоюп, улуттук маданий жана агартуучу исламдын дөөлөттөрүн коргоо керек. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев күн мурун өлкөнүн диний ишмерлерин кабыл алуу учурунда билдирди.
Жолугушууга Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы, Ыйман фондунун жетекчилиги, Уламалар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр Нарматов жана дин аалымы Чубак ажы Жалилов чакырылган. Талкууда өлкөдөгү дин көйгөйлөрүн мамлекет менен диний лидерлери биргелешип чечүү зарылдыгы баса белгиленди.