2016-жылы электр энергиянын, жылуулуктун жана ысык суунун тарифи көтөрүлбөйт
Новость фото из интернета

2016-жылы электр энергиянын, жылуулуктун жана ысык суунун тарифи көтөрүлбөйт. POST1RIGHT Мындай маалыматты премьер-министр Сооронбай Жээнбеков күз-кыш мезгилине даярдыкты талкуулаган жыйында билдирди. 

Өкмөт башчынын айтымында, Президент Алмазбек Атамбаевдын тапшырмасы менен , өкмөт тарабынан быйыл жарык, ысык суу жана жылуулуктун наркы өзгөрүүсүз калмай болду. 

Ал эми энергохолдингдин жетекчиси Айбек Калиев күз-кыш мезгилине карата өлкөдөгү энергокомпаниялардын даярдыгы тууралуу маалымат берди.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118