Бишкекте жол чийинден өтүп бара жаткан жаранды унаа коюп кетти
Новость

Бүгүн, 10-августта саат 18:00 чамаларында Жаш Гвардия бульварындагы жөө адамдар өтүүчү чийинден өтүп бара жаткан жаранды, катуу ылдамдыкта келе жаткан Honda Odyssey үлгүсүндөгү автоунаа сүзүп, жолдон өтүп бараткан адам жаракат алган.

Бул тууралуу күбөлөр “Элдик репортер” рубрикасына видео тартып жөнөтүшкөн.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.