Балбандарга таазим! Токио Олимпиадасынан байге алган балбандар Кыргызстанга кайтып келет
Новость www

Эртең, 7-августта, Токио Олимпиадасынан байге алган балбандар Кыргызстанга кайтып келет. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди. 

Ошондой эле саат 13:00дө "Ала-Тоо" аянтында Олимпиадалык курама команданын мүчөлөрүнө арналган салтанаттуу иш-чара өтөт. Андыктан спортчуларды тосуп алууну каалаган жарандарга борбордук аянтка келүү сунушталат.

"Салтанаттуу иш-чарага өлкөбүздүн намысын XXХII жайкы Олимпиадалык оюндарында коргогон спортчуларыбыз, машыктыруучуларыбыз катышып, сиздер менен жүз көрүшөт. Кече кыргыз эстрадасынын белгилүү жылдыздарынын коштоосунда өтөт. Спортчуларыбызды биргеликте тосуп, алардын кубанычына ортоктош болуп, жеңишти бирге майрамдайлы", — деп кайрылды Спорт агенттиги.

Белгилей кетсек, Токио Олимпиадасында грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов күмүш, кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова күмүш, Мээрим Жуманазарова коло медаль алган.