Токиодогу Жайкы 32-Олимп оюндарында эркин күрөш боюнча кыргыз балбаны Эрназар Акматалиев биринчи беттеште жеңилди.
Ал бүгүн 65 килограмм салмакта индиялык Бажраң Пуниа менен күрөшүп, эсеп 3:3 болду. Бирок жеңишти калыстар индиялык спортчуга ыйгарды. Эгер Пуниа финалга чыкса, Эрназар жооткотуучу беттеште күчүн сынап, коло үчүн күрөшүүгө жол ачылат.