Өлкөбүздөгү эң олуттуу маселелердин бири жол маселеси экени талашсыз. "Элдик репортер" рубрикасына Ат-Башы - Баш-Кайыңды - Ача-Кайыңды айылындагы элди түйшүккө салган жол маселеси боюнча билдирүү келген. Буга чейин "Элдик репортер" рубрикасына дал ушул маселе боюнча бир канча жолу билдирүүлөр келген. Бирок тиешелүү тараптан оңдотуп түздөтүү жагы каралбай келгени өкүндүрөт.
Автордун айтымында, бул жол менен жүргөн унаалардын тетиктери бузулуп, эки күндүн биринде оңдотууга туура келет. Канча өкмөт алмашты бирок бири да көңүл буруп койгон жок. Качанкыга чейин эл кыйналат?- деп ачууланган айыл тургуну.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.