Кыргызды кыйырга тааныткан балбан кыз Айсулуу Тыныбекова
Новость www

Токио олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси Айсулуу Тыныбекова азыркы тапта дүйнөнүн чемпиону. Ал бул наамга эки жыл мурда Нур-Султан шаарындагы мелдеште ээ болгон жана Токио жайкы Олимп оюндарына жолдомо алган. Азиянын төрт жолку чемпиону. Ал 62 килограммга чейинки салмакта күрөшөт.