Мээрим Жуманазарованын таятасы Боронбай аксакал небересинин эң жакын күйөрманы
Новость KTRK/videograp

Токиодо өтүп жаткан олимпиадада өлкөгө коло медаль тартуулаган Мээрим Жуманазарованын ийгилиги балбан кыздын туугандарын, айылдаштарын да чексиз кубантты. Айрыкча Мээримдин Таластагы жакын туугандары беттешти түз эфирден көрүп, сүрөп жеңишине күбө болушту. Өлкөгө сыймык алып келген Мээрим Жуманазарованын жеңишине жакындары кандай сезимде болушту балбан кыздын туугандарынын кубанычына аймактагы кабарчыбыз ортоктош болуп келди.

Мээрим Жуманазарованын таятасы Боронбай аксакал небересинин эң жакын күйөрманы. Ар бир мелдешти чыдамсыздык менен күтүп, убактысын өткөрбөй карап отурат. Аксакалдын айтымында, Мээримдин спорттогу ийгилиги мүнөзүндө. Небереси тайбастыгы, токтоолугу менен олимпиадада ийгиликти имерип кете алды. 

Балбан кыз жеңишке жеткени анын тай журту да кубанычка толуп, куттуктоолорду кабыл алып жатышат. Айрыкча балбандар килемге чыккан учурдагы кыргыз калкынын биримдиги, ынтымагы жана дем күч берген күйөрмандары спортчуларга дем берип, жеңишке жетишине шыкак берди. 

Олимпиададагы жеңиши менен өлкө сыймыгы болгон Мээрим Жуманазарова 22 гана жашта. Андыктан аны алтынга жетелей турган мелдештер дагы алдыда дейт туугандары.