Кыргызстандык жөө күлүк Нурсултан Кеңшбеков Токиодогу Олимпиада оюндарында 35-орунду ээледи.
3-август күнү 5000 метр аралыкка чуркоо үчүн жарыштар жүрүп, 40 спортчу экиге бөлүнгөн. Кеңешбеков 20 жөө күлүктүн ичинен 14 мүнөт 7,79 секундда келип, 18-орунга жайгашкан.
Жалпы жыйынтыкта Нурсултан Кеңешбеков 35-орунду ээлеп, финалдык баскычка өтө алган жок. Чечүүчү жарышка мыкты жыйынтык көрсөткөн 15 спортчу чыкты.