Айсулуунун күрөшүн Ала-Тоо аянтында чогуу көрөбүз
Новость

Айсулуу Тыныбекованын финалдык беттештеги атаандашы япониялык Юкако Каваи. Беттеш Бишкек убактысы боюнча 17:50дө башталат жана Ала-Тоо аянтындагы чоң экранда түз алып көрсөтүлөт. 

Айсулуу жарым финалда украиналык Ирина Коляденкону 10:0 эсебинде таза техникалык артыкчылык менен уткан. Ага чейин румыниялык жана литвалык спортчуларды жеңген. 

Кыргызстандык балбан кыз таймаштарында атаандаштарына бир да упай алдыра элек. Анын 24 жаштагы япониялык атаандашы 2019-жылы дүйнө чемпионатынын финалында Айсулуу менен күрөшкөн Тайбе Мустафа Юсеинди утуп, финалга жолдомо алган. Спортчулар буга чейин бир нече ирет кармашкан. 

2019-жылы дүйнө чемпионатында кыргызстандык кыз утса, 2020-жылы Азия биринчилигинде жеңиш япониялык тарапта болгон. Кыргызстандан Токио шаарында XXXII жайкы Олимпиадага 16 спортчу аттанган. 

23-июлда башталган олимп оюндары 8-августта аяктайт. Азырынча Кыргызстандын байге капчыгында күрөш боюнча алган бир күмүш жана бир коло медалы бар. Күмүш байгени Акжол Махмудов, ал эми коло байгени Мээрим Жуманазарова тартуулады. 

Токио Олимпиадасын КТРКнын спорт каналы түз алып көрсөтүүдө. Көрөрмандарга шарт түзүү максатында Коомдук биринчи канал имаратынын сыртындагы чоң экран орнотулуп, андан да беттештерди көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн.