Токио Олимпиадасы: Мээрим Жуманазарова коло байге жеңип алды
Новость

Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова Олимпиада оюндарынын коло байгесин жеңип алды! Коло байге үчүн күрөштө Жуманазарова монголиялык Соронзонболд Батцецег менен кез келип, 10:1 эсебинде жеңишке жетти.

Кыргыз спортчусу Олимпиада оюндарынын алкагындагы биринчи беттешинде Мими Николова Христова менен кез келип, 7:5 эсебинде уткан. Экинчи жолугушуусунда нигериялык балбандан 3:2 эсебинде утулуп, каршылашы финалга чыкканына байланыштуу көңүл жубатуучу беттешке чыккан Жуманазарова Элис Манолованы 4:1 эсебинде утту. 

Ал эми коло байге үчүн күрөштө Соронзонболд Батцецег менен жолугуп, жеңишке жетти.