Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов 77 кг салмакта Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси болду. Чечүүчү беттеште Махмудов венгриялык Тамаш Леринцке каршы чыгып, 2:1 эсебинде утулуп калды.
Акжол Махмудов Токио Олимпиадасынын алкагында биринчи тунистик спортчу Маафи Ладжедди 11:0, экинчи беттешинде Рафиг Хусейновду 9:1 эсебинде жеңген. Жарым финалдык беттеште армениялык Карапет Чалянды 6:2 эсебинде утуп, Олимпиада оюндарынын финалына чыккан.