Сүйүнчү! Айсулуу Тыныбекова Олимпиада оюндарына чыкты. Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова 62 кг салмакта Токиодогу Олимпиада оюндарынын финалына чыкты.
Тыныбекова жарым финалдык беттеште украиналык Ирина Коляденкону 10:0 эсебинде утуп, Олимпиада оюндарынын финалында күрөшө турган болду.
Айсулуу Тыныбекова бүгүн, 3-август күнү килем үстүнө чыгып, алгачкы беттешинде латвиялык Анастасия Григорьеваны 8:0 жана экинчи жолугушуусунда румыниялык Криста Тунде Инчени тушеге басуу менен мөөнөтүнөн мурда утуп алган.