Токио Олимпиада оюндары башталгандан тартып, Коомдук телерадиокорпорациясы «КТРК Спорт» каналы аркылуу түз эфирде чагылдырууда. КТРК биздин сыймыктуу балбандарыбыздын оюндарын жалпы журтка жеткирүүгө бардык күч-аракетин жумшап жатат.
Кыргызстандыктар Олимпияда оюндарына катышып жаткан балбандарыбыздын мелдештерин кызуу колдоп жатканы кубандырат.
Бүгүн байгелүү орундар үчүн финалдык беттештер күнү.
Саат 15:00дөн тартып, Борбор калаанын "Ала-Тоо" аянтында Олимпиаданын байгелүү орундарына ат салышып жаткан балбандардын күрөшү түз эфирде чоң экран аркылуу көрсөтүлөт.
Мындан тышкары, бул саамалыкты улай КТРК имаратынын сыртында жайгашкан лэд-экран аркылуу дагы шаардыктарга көрүү мүмкүнчүлүгүн түздүк.
Чоң экран алдында кызыктуу оюндарга күбө болуп, өлкө намысын коргогон спортчуларыбызды бирге сүрөп, дем берели!
КТРКнын жалпы жамааты балбандарыбызга бүгүнкү финалдык беттештерден ири жеңиштерге жетишүүнү каалайт.