Айсулуу Тыныбекова Токио Олимпиадасынын алкагында экинчи каршылашын жеңип алды. 62 кг салмакта күч сынашкан балбан кыз бүгүн, 3-август килем үстүнө чыккан. Экинчи беттешинде Тыныбекова румыниялык Криста Тунде Инчени тушеге басуу менен мөөнөтүнөн мурда утту.
Буга чейин, биринчи атаандашы латвиялык Анастасия Григорьева болуп, аны 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип алган.
Жарым финалдык беттеште Айсулуу Тыныбекова украиналык Ирина Коляденкого каршы чыгат.
Жарым финалдык күрөштөр 15:15те старт алат.