Кыргызстандык балбан Акжол Махмдуов 77 кг салмакта Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарынын финалына чыкты. Ал жарым финалдык беттеште армениялык Карапет Чалянды 6:2 эсебинде жеңип алды.
Жарым финалдык күрөшкө чейин Акжол биринчи тунистик спортчу Маафи Ладжед 11:0, экинчи беттешинде Рафиг Хусейновду 9:1 эсебинде жеңген.
Ал эми финалда венгриялык Тамаш Лёринцга каршы күрөшөт.
Акжол Махмудов 22 жашта, эл аралык класстагы спорт чебери. Кадеттер арасындагы дүйнө жана чоңдор арасында Азия чемпиону. Апрель айында Алматыда өткөн турнирде Токио Олимпиадасына жолдомо уткан.