Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Олимпиада мелдешинин коло байгеси үчүн таймаша турган атаандашы аныкталды.
Ал түркиялык Ясемин Адар болду. Адар бүгүн, 2-августта көңүл жубатуучу беттеште Тунис өлкөсүнүн атлети Зейнеп Схайерди 2:0 эсебинде утту. Беттешти КТРК Спорт каналы түз алып көрсөттү. Кыз-келиндердин байге үчүн беттештери кечки саат 17лерде болот. Кыргызстандык спортчу жарым финалда америкалык Аделина Мария Грейге татыктуу таймаш көрсөтүп, 2:3 эсебинде жеңишти алдырды.
Айпери чейрек финалды россиялык Олимпиада чемпиону Наталья Воробьеваны 12:0 эсебинде таза техникалык артыкчылык менен утуп жарым финалга чыккан. Ал эми баштапкы этапта казакстандык Элмира Сыздыкованы 8:1 эсебинде жеңген. Айпери Медет кызы 76 килограмм салмак категориясында ат салышып жатат. Бул анын алгачкы жолку Олимпиада мелдеши.