Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов жарым финалга чыкты. Ал чейрек финалда Азербайджандык балбан Рафиг Хусейновду 9:1 эсеби менен убактысынан мурда утуп алды.
Айта кетсек, Акжол Махмудов бүгүн Олимп оюндарын ийгиликтүү жеңиш менен баштады. 77 кг чейинки салмакта грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов алгачкы беттешти Тунистик спортчу Маафи Ладжед менен өткөрүп, 11:0 эсебинде утуп алды. Акжол Махмудов 22 жашта, эл аралык класстагы спорт чебери. Азия чемпиону жана Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси. Апрель айында Алматыда өткөн турнирде Токио Олимпиадасына жолдомо уткан.