Токио Олимпиадасы: Акжол Махмудов тунистик спортчу Маафи Ладжедди 11:0 эсебинде утуп алды
Новость www

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Олимп оюндарын ийгиликтүү жеңиш менен баштады. 77 кг чейинки салмакта грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов алгачкы беттешти тунистик спортчу Маафи Ладжед менен өткөрүп, 11:0 эсебинде утуп алды. 

Муну менен кыргызстандык балбан чейрек финалга чыкты. Махмудов чейрек финалда азербайжандык балбан Рафиг Хусейнов менен күч сынашат. Акжол Махмудов 22 жашта, эл аралык класстагы спорт чебери. Азия чемпиону жана Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси. Апрель айында Алматыда өткөн турнирде Токио Олимпиадасына жолдомо уткан.